Баткенде Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттук мелдештер өттү

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата Баткен шаарынын борбордук стадионунда спорттук мелдештер өтүүдө. Катышуучулар улуттук кыргыз күрөшү, аркан тартыш, кол күрөш, таш көтөрүү, стол үстүндөгү теннис боюнча күч сынашты.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришкендей, алдыда ар бир спорттук оюндар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер тапшырылат. Баш байге автоунаа.