Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин бюсту Венгрияда орнотулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынан билдиришти.
Айкелдин ачылыш аземине манасчылар, мамлекеттик катчы Сүйүнтбек Касманбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Венгриянын парламентинин төрагасынын орун басары Шандор Лежак, Венгриядагы элчилер, илимий интеллигенция жана жергиликтүү жашоочулар катышкан.