Сентябрь айында Түркиянын Акыйкатчысы Кыргызстанга келет

Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы Шереф Малкоч видео байланыш аркылуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн.


Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормаларына ылайык Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышты.
Эки тарап Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын эмгек миграциясы, экономикалык жана жарандык укуктары жаатында бир катар биргелешкен иш-чараларды аткаруу чечимине келишти.
Жолугушуу маалында эки өлкөнүн Акыйкатчылары ушул жылдын сентябрь айынын башында Бишкекке келе турган Шереф Малкочтун расмий иш сапары боюнча макулдашты.


“Сиздин Кыргызстанга келгендеги иш сапарыңыз жемиштүү болот деп күтүп жатабыз жана сиз менен Түркиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын, ошондой эле Кыргызстанда жүргөн Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди кеңири талкуулай алабыз”, – деди Акыйкатчы.
Джамиля Джаманбаева Шереф Малкочтун адам укуктарын сактоону камсыз кылуу жаатында ар түрдүү өлкөлөрдүн Акыйкатчыларын бириктирүүгө кошкон салымын, ошондой эле Адам укуктары боюнча Акыйкатчылар институттарынын ассоциациясын түзүүдөгү эмгегин белгилеп өттү.


Эскерте кетсек, 2022-жылы 12-майда Түркиянын Бурса шаарында Адам укуктары боюнча улуттук институттардын жана түрк мамлекеттеринин Акыйкатчыларынын ассоциациясы түзүлгөн.
“Түркиянын башкы Акыйкатчысы катары адам укуктарын коргоо жаатында көп иштерди жасоого жетиштиңиз. Бүгүнкү күндө Түркиянын Акыйкатчы институту эң таасирдүү улуттук укук коргоо уюмдарынын бири болуп эсептелет. Сиз күчтүү аянтчаны – Адам укуктары боюнча улуттук институттардын жана түрк мамлекеттеринин Акыйкатчыларынын ассоциациясы түздүңүз. Мен Кыргызстандын Акыйкатчысы катары биздин өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргызстандын жарандарын коргоону камсыз кылыш үчүн мындай демилгелерди колдоого даярмын”, – деп белгиледи КРнын Акыйкатчысы.
Шереф Малкоч Джамиля Джаманбаеваны башка ассоциациянын – Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчыларынын кезектеги жыйынына катышууга чакырды.
Түркиянын башкы Акыйкатчысы аталган аянтча омбудсмендердин күчүн гана бириктирбестен, улуттук укук коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчылары адам укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

39ee8bec 275d 4277 b6af 79929c3074fa Сентябрь айында Түркиянын Акыйкатчысы Кыргызстанга келет