Күзгө чейин Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин, Орусия элчилигинин, Президенттик администрациянын, УКМКнын алдында жана «Ала-Тоо» аянтында жыйын же митинг өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чектөө 2022-жылдын 13-апрелинен 1-сентябрына чейин киргизилди. Эми бардык жыйындар, митингдер Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Горький» сейил багында өтүшү керек.

Эске салсак, буга чейин Биринчи май районунун акимиаты мүмкүн болгон массалык баш аламандыктарды болтурбоо жана аларга бөгөт коюу максатында митингдер өтүүчү жайларды убактылуу чектөө өтүнүчү менен райондук сотко кайрылган.