Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапештке барды

Президент Садыр Жапаров 12-февралда расмий сапар менен Будапешт шаарына (Венгрия) барды.

Мамлекет башчысынын учагы Ференц Лист атындагы эл аралык аэропортко конду. Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президентти Венгриянын Президенттик Администрациясынын башчысы Геркели Эклер тосуп алды.

fb1822bb 3170 4d35 bba1 1d9ae3d14f14 825x452 1 Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапештке барды

Расмий сапардын алкагында Мамлекет башчысы Венгриянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, жана ошондой эле өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу жана башка расмий иш-чаралар пландалган.

Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.

57bd5f26 b250 4971 9054 fdddcd27c0db 1 825x452 1 Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапештке барды
e1c02b51 e876 48e3 8058 8becf4323f8a 825x452 1 Садыр Жапаров расмий сапар менен Будапештке барды