Вulak.kg редакциясынын иликтөөсү Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкка ээ болду

12-февралда «2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Иликтөөчү журналисттер фонду жарыялаган конкурстун жыйынтыгында 1-орун «Temirov Live» медиасынын «Эки күндө 37 млн сомду кантип тапса болот? Ташиевдин схемасы. Садыр Жапаровдун жообу» аттуу иликтөөсү алды.

2-орун «Азаттыктын» журналисти Айбек Бийбосуновдун «Интернеттеги баңги бизнеси» аттуу иликтөөсүнө берилди.

3-орунга Bulak.kg басылмасынын «Ысык-Көл жээгинин каракчылары» аталышындагы иликтөөсү татыды.

Бул сыйлык 5-ирет тапшырылып жатат. Сынакка жалпы 64 эмгек келип түшкөн.

2022-жылдын мыкты журналисттик иликтөөсү үчүн Уланбек Эгизбаев атындагы сыйлыкты тапшыруу аземи Бишкекте 12-февралда өттү.  Ал «Журналисттик иликтөөлөр»  коомдук фонду тарабынан Кыргыз Республикасындагы  Internews уюумунун TRACK долбоору менен биргеликте өткөрүлдү.

Сынактын максаты  –  өлкөдө журналисттик иликтөө жанрын өнүктүрүү, ошондой эле коррупциялык схемалардын жана мыйзамсыз көрүнүштөрдүн бетин ачууга, бөгөт коюуга журналисттердин кызыгуусун арттыруу болуп саналат.

WhatsApp Image 2023 02 12 at 17.19.39 Вulak.kg редакциясынын иликтөөсү Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкка ээ болду
WhatsApp Image 2023 02 12 at 16.14.30 Вulak.kg редакциясынын иликтөөсү Улан Эгизбаев атындагы сыйлыкка ээ болду