
Кыргызстандагы 13 мал базарга 109 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өлкөдө жалпы 45 мал базар бар. Алардын ичинен 22си ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет. Талапка жооп бербеген 23 мал базардын ээсине буга чейин райондук ветеринардык башкармалыктар тарабынан көрсөтмөлөр берилген.
«Ветеринардык-санитардык талаптарга жооп бербегендиги жана көрсөтмөлөрдү толук аткарбагандыгы үчүн 13 мал базарга 109 миң сом айып пул салынган», — деп билдиришти министрликтен.