
Мамлекеттик “Учкун” басмаканасынын жетекчиси алмашты. Бул тууралуу “Учкун” басмаканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бакытбек Султанов кызматтан кетип, анын ордуна Илгиз Тапаев директор болуп дайындалды.
“Учурда тиешелүү процесстер жүрүүдө. Бакытбек Султанов эмне себептен кызматтан кеткени боюнча кошумча маалымат беребиз”, — дешти мекемеден.
Эске салсак, Бакытбек Султанов аталган кызматка 2022-жылдын сентябрь айында дайындалган.






