
«Бишкек Арена» стадионунун расмий ачылыш аземине 60 миңден ашык көрүүчү келгенин борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Стадиондун аймагында жана ага чектеш тилкелерде коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 5 миңге чукул милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.
ИИББдин маалыматы боюнча, иш-чара тынч жана коопсуз өтүп, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок.
Милиция борбордун тургундарына жана конокторуна түшүнүү менен мамиле кылганы, сабырдуулугу жана коопсуздук эрежелерин сактаганы үчүн






