“Өтө уятсыз аракет болуп саналат”: “Клоопту” жабуу боюнча CPJ программалык директорунун билдирүүсү

Өлкөнүн бийлиги коррупцияга каршы журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Kloop Media басылмасын жоюу боюнча арызын кайтарып алышы керек. Бул тууралуу эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 28-августтагы билдирүүсүндө айтылат.

«Кыргыз бийлигинин «Клоопту» жабуу арызы – өлкөдөгү журналисттик иликтөөнү, ичинде жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдү муунтууга багытталган чектен чыккан жана өтө уятсыз аракет болуп саналат», — деген CPJ программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.