
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды, ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.
Үстүбүздөгү жылдын 13-августунан 19-августуна чейин Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек Биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.