Садыр Жапаров «Барселонанын» футболчуларына каршы беттеште ойнойт

Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтө турган испаниялык «Барселона» футбол клубунун атактуу футболчуларына каршы жолдоштук беттеште ойнойт.

Маалым болгондой, Садыр Жапаров Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин командасынын катарында оюн талаасына чыгат. Беттеш 20-августта Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 19:00дө башталат.

«Барселонанын» курамында Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Хавьер Савиола, Жулиано Белетти, Людовик Жюли жана башка футболчулар болот.