“Моторуна суу киргизип алган”: скутерди ижарага алып иштеткендер милицияда

Социалдык тармактарда “Ысык-Көлдө эс алуучулар сабалды” деген видео тараган. Милиция журналисттерге окуя боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, 16-августта болжол менен саат  19:00 чамасында “Радуга-Вест” пансионатында милицияга мушташ боюнча маалымат түшкөн. Скутерди ижарага алып иштеткен жарандар менен эс алуучулар ортосунда ызы-чуу чыккан. Эс алуучу скутерди айдап жүрүп, моторуна суу киргизип алган. Ал төлөөнү убада кылып, бирок жээкке чыкканда убадасына турган эмес. Натыйжада мушташ чыккан. Учурда окуяга катышкан эс алуучулардын өздүгү такталып жатат. Ал эми скутерди ижарага алып иштеткендер милицияга жеткирилген.