Жалал-Абад облусунда жылан уусунун ири партиясын сатуу аракетине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин «Сатуу максатында күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү» беренеси боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдардын алкагында күчтүү уулуу зат «Gurza – vipera Leberetna turaniga» ири партиясын сатуу аракети токтотулду.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ала-Бука районунун Ала-Бука айылынын аймагында аталган заттын 500дөн ашык ампуласын (1 ампула 5 г) сатып жаткан жеринен 1 чет мамлекеттин жараны жана 3 кыргыз жараны кармалды. Такталгандай, күчтүү жыландын уусунун партиясы коңшу мамлекеттердин биринен Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келингендиги аныкталган. Кармалган зат фармакологияда жана медицинада, ошондой эле синтетикалык дарыларды өндүрүүдө колдонулат. 1 грамм гюрза уусунун баасы көмүскө базарларда 300дөн 600 долларына чейин бааланат»,-деп жазылат маалыматта.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
![whatsapp image 2023 08 16 at 08 49 03.730x0 730x452 1 Жалал-Абадда жыландын уусун саткандар кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/whatsapp_image_2023-08-16_at_08_49_03.730x0-730x452-1.jpeg)
![whatsapp image 2023 08 16 at 08 49 04 608x452 1 Жалал-Абадда жыландын уусун саткандар кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/whatsapp_image_2023-08-16_at_08_49_04-608x452-1.jpeg)
![whatsapp image 2023 08 16 at 08 49 04 2.730x0 730x452 1 Жалал-Абадда жыландын уусун саткандар кармалды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/whatsapp_image_2023-08-16_at_08_49_04_2.730x0-730x452-1.jpeg)