ВИДЕО: Украинадагы согуштук аракеттерге катышкан кыргыз жараны кармалды

УКМК Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышуу фактысы боюнча маалымат берди.

Маалыматка караганда, жүргүзүлгөн контрчалгындоо иш-чараларынын алкагында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан Б.у.Б. аттуу КР жараны аныкталды.

Такталгандай, аталган Б.у.Б. аттуу жаран 2022-жылдын 22-февралында Россия Федерациясына иштөө үчүн барып, ал Россия Федерациясынын түзөтүү мекемелеринин биринде жаза өтөө менен кылмыш жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Атайын аскердик операциянын фонунда, Украинанын аймагында Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү тарабынан ишке ашырылган, Б.у.Б. “Вагнер” жеке аскердик компания (ЖАК) өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жана келишимдик негизде Украинанын аймагында согуштук тапшырмаларды аткарып жаткан аскер топторунун катарына кошулган”, – деп айтылат маалыматта.

2023-жылдын 1-августунда Б.у.Б. кармалып, тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу, же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүдө” мүлкүн конфискациялоо менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.