«Кыргыз почтасы» ишканасынын директорлор кеңешинин жаңы төрагасы болуп Нургазы Сатимкулов шайланды. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 9-августта ААКтын директорлор кеңеши төрага Үсөналы Бекишевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды.
Ал эми жаңы төрага болуп буга чейин компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болуп келген Нургазы Сатимкулов шайланды.