Алматыда өрттөн улам көп кабаттуу үйдөн секирген аял көз жумду

Алматыдагы «Аккент» турак жай комплексинде чыккан өрттөн бир аял каза болгонун Tengrinews.kz Саламаттыкты сактоо департаментинин басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

Маалым болгондой, аял жанын сактап калуу үчүн бийиктиктен секирүүгө аргасыз болуп, көптөгөн жаракаттардан улам каза болгон. Өрттөн жалпысынан 43 адам жабыркаган.

Төрт бала жандандыруу бөлүмүндө жатат. Дагы төртөөнө медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Үч баланын ата-энеси ооруканага жаткыруудан баш тартышкан.

12 чоң бейтап шаардык көп тармактуу ооруканаларга жеткирилип, алардын бешөө ооруканага жаткырылды. Калгандарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук байкоого жөнөтүлдү.

Калгандарынын абалы туруктуу. 

Эске салсак, 1-августта Алматыда 16 кабаттуу үйдөн өрт чыккан: адамдар качып кетүү үчүн өрттөнүп жаткан көп кабаттуу үйдүн терезелеринен секирип кетүүгө аргасыз болушкан.