Бишкекте изделип жаткан кыз Ысык-Көлдөн табылды

Бишкекте 3 күндөн бери изделип жаткан 14 жаштагы А.К. табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, изделип жаткан өспүрүм кыз Ысык-Көлдөн табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. 

Эске салсак, А.К. 29-июлда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.