Бир жумада 44 мас абалындагы айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын 21-июль күнүнөн 27-июль күнүнө Бишкек шаарында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштер жүрдү. Жыйынтыгында жол эрежелерин одоно бузган 5570 эреже бузган айдоочуларды аныкташты, анын ичинен:

  • 44 мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • 134 айдоочу унаа каражатын көрсөтүлгөн ылдамдыктан ашыкча айдагандыгы үчүн;
  • 11 айдоочу унаа каражатынын терезелерин мыйзамсыз карангылаткандыгы үчүн;
  • 47 айдоочу унаа каражатын айдоочулук күбөлүгү жок башкаргандыгы үчүн;
  • 2552 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
  • 408 унаа каражатын тиешелүү каттоосу жок башкаргандыгы үчүн;
  • 759 жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • 790 мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • 825 башка бузуулар;
  • 741 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
    Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.