Президент Оштогу “ЕвроАзия ГРУПП” индустриалдык-логистикалык паркына барды

Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы курулуп жаткан “ЕвроАзия ГРУПП” индустриалдык-логистикалык паркына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. 

363029346 3731115120449275 8839720144214234004 n Президент Оштогу "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды

Мамлекет башчысына объекттин аянты 5 гектарды түзөрүн маалымдашты. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.

358148408 3731115143782606 2110384525006968118 n Президент Оштогу "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды

Долбоорго ылайык, объекттин аймагында үч өндүрүш аянты иштемекчи: трикотаж кийимдерин тигүү фабрикасы, трикотаж кездемесин токуп чыгаруу фабрикасы жана жип өндүрүү фабрикасы. Бүгүнкү күндө индустриалдык-логистикалык парктын курулушу 70% га аяктап калды.

Үстүбүздөгү жылдын IV кварталында 800 жумуш орундуу жана өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 2,1 миллион даана кийим тигүүчү фабриканын ишке кириши күтүлүүдө. Долбоор 2,6 миллион АКШ долларына бааланган. Тигүү фабрикасынын продукциясы негизинен экспортко багытталат.

363353758 3731114877115966 1714025600338425687 n Президент Оштогу "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды

Трикотаж кездеме чыгарган фабриканын ишке кириши 2024-жылдын IV кварталына пландаштырылган. Ишкана 300 адамды жумуш орду менен камсыздайт жана күнүнө 20 тоннага чейин кездеме чыгарат. Долбоорго жатырылган каражат 18 миллион АКШ долларын түзөт.

358142625 3731114757115978 2470875810717659342 n Президент Оштогу "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды

Өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 15 тоннага чейин жеткен жип ийрүүчү фабрика 2025-жылдын III кварталынан баштап иштей баштайт. Анда 150гө жакын адам эмгектенет. Долбоордун инвестициялык салымы 3,5 миллион АКШ долларын түзөт.

Президент Садыр Жапаров долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышып, мамлекет ар дайым ак ниет ишкерлерге колдоо көрсөтүп, инвесторлорго, анын ичинен ички инвесторлорго, жагымдуу шарттарды түзүүнү улантарын баса белгиледи. Регионалдык өндүрүштөргө өзгөчө көңүл бурулат.

362274202 3731115130449274 3975631154470589970 n Президент Оштогу "ЕвроАзия ГРУПП" индустриалдык-логистикалык паркына барды