
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери УКМК жана Ноокат РИИБдин Тергөө кызматы менен биргеликте эл аралык террористтик уюмдун тарапташы, Ош облусунун тургуну 1994-жылы туулган Т.С. кармашты.
Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, кармалган жаран Т.С. 2017-жылы Кыргыз Республикасынан Түркия аркылуу Сирияга эл аралык террористтик уюмдун тарапташы катары куралдуу жаңжалга катышуу үчүн кеткен. Бирок ал Түркияга кайра кирген жеринен кармалып, Кыргызстанга депортацияланган. Кыргызстандан ал Кылмыш-жаза кодексинин 226,375-беренелери боюнча соттолуп, эркинен ажыратылган. 2021-жылы жазасын өтөп бүтүп, эркиндикке чыккан.
“Анын жашаган жерин тинтүү учурунда 2 даана РГД-5, 2 даана кол гранатасынын бириктирилген түзүлүшү (УЗРГМ), 29 даана 5.45 калибрдеги ок, 1 даана аскер кийими, күрөк, 2 даана бычак, 1 даана уюлдук телефон, флешка, 2 даана диск табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, жогорудагы ок-дарылар-күжүрмөн ок-дарылар болуп эсептелет.
Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Кармалган жаран Ош шаарындагы абакка киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.


