«Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

КР Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө мыйзамсыз акча чогултуу фактысы аныкталды, – деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Тактап айтканда, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин Нарын райондук автомобиль, суу транспорту жана салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан Кытайдан жүк ташууга адистешкен оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, жогоруда аталган Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан салмак-габариттик көзөмөлдүн кызмат адамдары мыйзамда белгиленген нормаларды кыйгап өтүп, материалдык баюу максатында оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 3 миң сомго чейин акча каражаты системалуу түрдө алынып, белгиленген өлчөмдөгү салмактан ашып кеткен фактыларды жашырып жана айып төлөөдөн качууга жардам берип келишкен.

“Салмак жана габариттик контроль кызматкерлери тарабынан айып салынган каражаттардын белгиленген өлчөмүн (17500 сомдон жана андан ашык) кем баалоодон жана аларды максатсыз пайдалануунун натыйжасында өлкөнүн бюджетиндеги финансылык ресурстардын жоголушуна алып келди. Козголгон кылмыш ишинин жана соттун чечиминин алкагында Ат-Башы райондук салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызмат адамдарынын бардык мыйзамсыз аракеттери видео/аудио жазууга жазылып, бул фактыларга тиешеси бар адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Иштин жагдайларын объективдүү жана ар тараптуу иликтөө, ошондой эле бул фактыга башка адамдардын катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

 
ee993f6a 6be3 44b9 9969 6f90227e7b81 «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды
75a756d2 b934 4494 b035 59688bbc916d «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды
0bac7d64 7a62 462e b1b6 b2e67f5210fb «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды
73807760 9e21 4570 9ae7 2a01f2bbb73b «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды
a29e8426 2a91 4a3a b3ab b7b5a101d7a4 1 «Ат-Башы» салмак-габариттик көзөмөл башкармалыгынын кызматкерлери кармалды