
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жүргүнчүлөрү бар кичи автобус менен жеңил унаа катышкан жол кырсык катталды. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди.
Алардын айтымында, жол кырсык бүгүн, 21-июлда катталган. Алдын ала алынган маалымат боюнча жабыркагандар бар.
Жол кырсык болгон жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иш алып барууда.