СҮРӨТ: Бишкек ШИИБдин кызматкери пара менен кармалды

Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. УКМКга алып келинди. А.Ч. жана К.Б.га карата жашаган жеринде, автоунааларда, ошондой эле кызматтык бөлмөлөрдө тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалган А.Ч. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

be5b5101 c78a 49e4 a738 3417e3e11339 СҮРӨТ: Бишкек ШИИБдин кызматкери пара менен кармалды
680497e5 8f30 42df 9c9b 1f4983841f7f СҮРӨТ: Бишкек ШИИБдин кызматкери пара менен кармалды
5783ff62 0d01 4d9d b53f 0efd8f58d5d8 СҮРӨТ: Бишкек ШИИБдин кызматкери пара менен кармалды
e195601d 0cdf 4799 8830 bbef416a5d15 СҮРӨТ: Бишкек ШИИБдин кызматкери пара менен кармалды