
Төө-Ашуудагы тоннель12-июлдан 18-июлга чейин маал-маалы менен унаа кыймылы үчүн жабылып турат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын билдиришти.
Мындай чара тоннелдин ички жолун оңдоп-түзөө жана жаңылоо иштерине байланыштуу экендигин ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.
Тоннелдин жабыдуу убактысы:
-05:00дөн 08:00гө чейин;
-10:00дөн 12:00гө чейин;
-14:00дөн 16:00гө чейин.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочулардан алыскы жолго чыгууда алдын ала мерчемдеп, зарылчылык болбосо түнкүсүн алыскы жолго чыкпастан, күндүзү жүрүүгө чакырат.