Көк-Арт ашуусу аркылуу туннелди тешүү иштери аяктады

Түндүк-Түштүк унаа жолундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу туннелди тешүү иштери аяктады. Бул тууралуу транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Түндүк-Түштүк, Фаза 1, Казарман айылы – Жалал-Абад шаары альтернативдүү унаа жолун куруунун алкагында узундугу 3890 метрди түзгөн туннелдин курулушу жүрүп жатат.

Туннелдин бийиктиги болжол менен 9 метрди, туурасы 10 метрди түзөт, бул экинчи техникалык категориядагы эки тилкелүү кыймылды эркин өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Бишкек-Ош унаа жолундагы Көлбаев тоннелинин туурасы 6,2 метр, бийиктиги 4,5 метр.

Ошондой эле туннелге параллель авариялык кырдаалда адамдарды жана унааларды эвакуациялоого мүмкүндүк берген бийиктиги жана туурасы 4 метрди түзгөн өтмөк казылып жатат. 2022-жылдын 30-январында адиттин казуу иштери аяктап, магистралдык тоннелде иштер уланууда.

Долбоор Кытайдын “Эксимбанкы” тарабынан бөлүнгөн каражатка жана Кыргызстандын бардык аймактарында көптөгөн жол куруу долбоорлоруна катышкан «Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн» компаниясынын жардамы менен ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, туннель куруу иштерин бүтүрүү 2022-жылдын аягына пландаштырылган. Учурда магистралдык туннелдин курулушу уланууда.