Кыргызстандын курама командасы бокс боюнча Азия чемпионатында 8 медаль алды

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы бокс боюнча Азия чемпионатында 8 медаль багындырышты.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Күмүш медалды Мирзохид Имамназаров (63,5 кг), Султан Асанкул уулу (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Рустам Ырысбек уулу (92 кг) жеңсе, коло медалды Анвар Ходжиев (48 кг), Рыспек Бектенов (60 кг), Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг), Бакыт Токтосун уулу (86 кг) жеңди.

Белгилей кетсек, мелдеш Ташкент шаарында өтүп, Кыргызстандын куржунуна 4 күмүш, 4 коло топтолду.