Кадастрдын Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды

“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

624bcf5b d1cb 429f 9eee 7ea863969c45 Кадастрдын Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды
2f0d2da1 1e4d 4b6e 81de 8d11fcdd55b3 Кадастрдын Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды

Маалыматка ылайык, Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинде коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин Токмок-Чүй филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Алар Жоопкерчилиги чектелген коомдордун бирине таандык болгон 1330 м2 турак жай эмес мүлктү жана 0,75 га жер тилкесин жеке баюу максатында Кыргыз Республикасынын Н.М. аттуу жаранына мыйзамсыз каттап жиберишкен.  

54b81a64 6d26 415f ad41 8b4b8fb00e6d Кадастрдын Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды

Бул факты боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалынын жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүлөр тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

241bedeb 7e37 4e54 9cb2 174f949e2617 Кадастрдын Токмок-Чүй филиалынын кызматкерлери кармалды

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.