Раиса Асылбашева төрөт үйүндө ымыркайдын жерге түшкөн жагдай боюнча үн катты

Фото иллюстративное

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева Бишкектеги №1 төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн ымыркайдын полго түшкөн жагдай тууралуу түшүндүрмө берди.

“Мен [процесстин жыйынтыгы боюнча] справка жасайм, анда бардыгын жазып, маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына берем. Бул системалык көйгөй эмес. Ушундай болуп калды. Кээ бир себептерден улам мен ушундай болуп кетти деп айта алам. Адистер жок болгон учурда бир нече мүнөттө болуп кетти. Мындай жагдай дайыма эле боло бербейт, системалуу эмес. Бизде төрөт үйлөрүндө көп тармактуу команда бар, медайым, акушер, дарыгер. Алар өз ишин жакшы билишет. Айрыкча азыр акушерлерге физиологиялык төрөт жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүштү. Демек, аялды өз эркине калтыруу деген нерсе эч качан болбойт. Бир гана нерсе, биз аялдарга мындай шартта керебетке жатуу керек экенин билдиребиз…Ушундай болуп калды…” – дейт Асылбашева.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда Бишкектин төрөт үйүндө баласы төрөт учурунда полго түшүп кеткенин айткан аялдын билдирүүсү тараган. Посттун автору ал төрөп жатканын дарыгерлерге эскертип, бирок убагында жардам көрсөтүлбөгөнүн айтат.

Саламаттыкты сактоо министрлиги окуянын чоо-жайын аныктап, жакынкы аралыкта тергөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырууну убада кылууда. Баланын да абалы оор экени кабарланды. Маалым болгондой, жаңы төрөлгөн ымыркайдын баш мээси чайкалып, баш сөөгүнүн желке бөлүгү сынган. Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министрлиги ымыркайдын абалы жакшырып жатканын билдирген.

e9c94cca 5d68 4d6f 8a0f 60a66c7e1437 Раиса Асылбашева төрөт үйүндө ымыркайдын жерге түшкөн жагдай боюнча үн катты