
«Рахат лукум» кафеси санитардык эреже бузууларга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кафе санитардык эреже бузуулар жоюлмайынча ачылбайт.
Кошумчалангандай, «Калктын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, Борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызмат тамак-аш азыктарынын коопсуздугун камсыздоо максатында мекемени жабууга укуктуу.

