
Сокулукта каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук районунун Төрткүл жана Студенческий айылдарынын ортосунан агып өткөн Ат-Башы каналынан болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин (аты-жөнү такталууда) сөөгү табылган.
Жерине 3 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди.