«Адилет сот» мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлдү

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот» маалыматтык технология боюнча мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлдү. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-июнда кол койгон.

Документке ылайык, айлык акы сот өндүрүшү тутумун өркүндөтүү, ошондой эле мекеменин ишинин сапатын арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында көтөрүлдү.

Токтом расмий жарыялангандан тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирери каралган.

Токтомдогу тиркемеге ылайык, техникалык колдоо адиси 40 миң сом, директор 100 миң жана архитектор 120 миң сом маяна алат.

bezymiannyi.629x0 is  «Адилет сот» мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйтүлдү