Маматалиев: сый тамакка 60тай депутат бардык

Депутаттардын сый тамагында эмне тууралуу сөз болду? Аталган журналисттердин суроосуна депутат Марлен Маматалиев жооп берди. 

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясындагы сый тамакка 60тай депутат бардык, ал жакта бир жарым сааттай отурдук.  Алгач биз киргенде эле сый тамак эмне үчүн берилип жатканы айтылды. Сессия ичинде биргелешкен иштин натыйжасында мамлекетке пайдалуу мыйзамдар кабыл алынгандыгы үчүн жыйынтыктоочу чай экенин белгилешти”,-деди Маматалиев.