Тамчы-Алматы аба каттамы жанданды

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда Казакстандын Алматы шаарынан жайкы туристтик сезондо ачылган биринчи аба каттамы аткарылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Qazaq Air авикомпаниясы Алматы-Тамчы каттамы боюнча 71 жүргүнчүнү жеткирди. Ал эми Тамчы — Алматы багытында 30 жүргүнчү учту.

Каттам үзгүлтүксүз түрдө жумасына 2 жолу – жума жана дүйшөмбү күндөрү аткарылат.