Аба ырайына байланыштуу Стамбул – Бишкек багытындагы каттамдар токтотулду

Түркияда катуу шамал жана калың кардын жаашы күтүлөт деген эскертүүдөн улам «Turkish Airlines» жана «Pegasus» авиакомпаниялары Стамбул – Бишкек багытындагы бир катар каттамдар токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аба ырайы калыбына келгенде каттамдар жандандырылып, жүргүнчүлөр учак билеттер менен камсыз кылынат.

Учурда авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдүн кайрылуусу боюнча тамактанууну жана убактылуу жайгашууну уюштурууда.