ВИДЕО: Мраморное айылындагы жол кырсыкта үч өспүрүм каза болду

Аламудун районунун Мраморное айылында кырсыктан үч өспүрүм каза тапты, деп жазат массалык маалымат каражаттары.

Кырсык 26-июнда болгон. 7 адам бараткан Toyota Калдинанын айдоочусу унааны башкара албай, столбаны сүзгөн.
Окуя болгон жерде үч өспүрүм, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургундары көз жумган. Бишкектеги ооруканага дагы үч жашы жете элек бала жана айдоочу (20 жаштагы) жеткирилген.

Маалыматтарга караганда алар эс алуудан келе жатышкан.