Талас ШИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын алдын алууда


Акыркы убакта суунун деңгээли көтөрүлгөнүнө байланыштуу Талас ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспекторлору тарабынан Талас шаарында жайгашкан агын сууларды, Талас дарыясы, суу бөлүштүрүүчү жайларды, жана ири каналдар текшерилди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

“Кооптуу агын суу жээктерине тыюу салынуучу белгилерди илишти. Шаар тургундарына жана конокторуна түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Жарандарга балдарды суу жээкте кароосуз калтырбоого жана түнкү убакытта ата-энелеринин коштоосу жок журбөөгө чакырды. Облустун аймагында бардык жерлерде суу кырсыктарын алдын алуу боюнча коопсуздук чаралары көрүлүп, иштер жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

8da4350e 8b08 4ddf 9d39 4ff1e86390f6 Талас ШИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын алдын алууда
75098b1e 60dc 42a7 945d 6d4181579634 Талас ШИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын алдын алууда
2a57b2a6 c49d 4dac b094 a9baf426240f Талас ШИИБдин кызматкерлери суу кырсыктарын алдын алууда