Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Чүй жана Ысык-Көл облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Текшерүү туристтик сезон маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо иштерин көзөмөлдөө максатында жүргүзүлгөн.

29734117 414f 4fe2 be93 7f09de1206c9 Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди
8184e6f3 97a8 455d afba 234e4111c1a6 Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди
eb373ba6 e017 4484 8136 7a41b7cb7b39 Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди
db6423e4 5388 4001 a702 d650e6a5a2c0 Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди

«Текшерүү учурунда Октябрь Урмамбетов ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн өздүк курамына туристтик сезондо жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жол кырсыктарынын санын азайтуу, алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле кызматкерлердин кызмат өтөө  даярдыгына, алардын кызматтык документтеринин, күбөлүктөрүнүн жана төш белгилеринин, сырткы көрүнүшүнө, райондун жана облустун аймагындагы ыкчам абалды билүүсүнө көңүл бурулду», — деп билдирет ИИМ.

ИИМден белгилешкендей, текшерүү учурунда Бишкек — Балыкчы — Чолпон-Ата жолунда ылдамдыкты ашырып айдоочулар аныкталып, ИИМдин башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов жеке өзү жол кыймылынын эрежелерин бузууга жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

«Октябрь Урмамбетов жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчилерине жол кыймылынын коопсуздугун сактоо жана жайкы туристтик сезон учурунда жол кырсыктарын азайтуу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле кызматкерлерге күн сайын жол кыймылынын катышуучулары арасында жол эрежесин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жол эрежелерин одоно бузгандарга, анын ичинде мас абалында транспорт каражаттарын башкаргандарга карата катуу чараларды көрүү милдетин койду», — деп айтылат маалыматта.