Россия кыргыз жарандарына жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 1000 орун бөлүүнү пландоодо

Россия Федерациясы кыргыз жарандарына жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн 1000 орун бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин кыргыз-орус ТИМ аралык консультацияларында белгилүү болду.

Маалым болгондой, бөлүнгөн орундардын ичинен орто кесиптик билим алуу мүмкүндүгү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Жолугушууда кыргыз делегациясын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев, ал эми орусиялык делегацияны тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин жетектеди.

Белгилей кетсек, жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу гуманитардык байланыштарды, анын ичинде маданият жана билим берүү жаатындагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөнүн маанилүүлүгү белгиленди.