Нарында «Кыргыз шырдагы» XIII эл аралык фестивалында кыргыз шырдагы 400 мин сомго сатылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Фестивалга Япония, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Иш-чарага 1000ден ашык адам келген болсо, алардын 170и чет элдик туристтер.
«Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды. Мындан сырткары, көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты», — деп билдирет өкүлчүлүк.