Өлкө аймагында сел жүрүшү күтүлөт

Өлкө аймагында сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-26-июнда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.

Министрлик сел, кыян каптоонун алдын алуу, материалдык чыгымдары болтурбоо максатында үйдүн жанындагы, чарбактардагы суу агуучу арыктарды, дренаждык каналдарды, сел сууларын тосуучу арыктарды тазалоону сунуштайт.