
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу кол коюлган жарлыкка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чени ыйгарылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Класстык ченди ыйгаруу жөнүндөгү күбөлүктү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.
22-июнда Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү чечимин кабыл алган.
