
Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.
Айтматов РИИБдин кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан мектептерде жана лицейлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер менен биргеликте бүтүрүүчү улан-кыздарга ар кандай авто жүрүштөрдү жана авто жарыштарды уюштурбоого, эс алуучу жайларга жана ресторан, кафе, экскурсиялар жана бүтүрүүчү кечелерди уюштурууга тыюу салынганын эскертишти.

Ошондой эле көчмө кабылдама менен биргеликте тоолуу аймактарды, сууга түшүүчү жайларды, агын сууларды текшерүүдө. Мугалимдерге жана ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алып, кароосуз калтырбоого чакырды.
Областтын бардык бөлүмдөрүндө жана жол коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын инспекторлору менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
