Айтматов РИИБдин кызматкерлери райондун мектептеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдады.

Айтматов РИИБдин кызматкерлери райондун аймагында жайгашкан мектептерде жана лицейлерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер менен биргеликте бүтүрүүчү улан-кыздарга ар кандай авто жүрүштөрдү жана авто жарыштарды уюштурбоого, эс алуучу жайларга жана ресторан, кафе, экскурсиялар жана бүтүрүүчү кечелерди уюштурууга тыюу салынганын эскертишти.

c6bb5d02 f618 4196 bdd7 ba4b5ecf43d3 Айтматов РИИБдин кызматкерлери райондун мектептеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү


Ошондой эле көчмө кабылдама менен биргеликте тоолуу аймактарды, сууга түшүүчү жайларды, агын сууларды текшерүүдө. Мугалимдерге жана ата-энелерге балдарын көзөмөлгө алып, кароосуз калтырбоого чакырды.
Областтын бардык бөлүмдөрүндө жана жол коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын инспекторлору менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

d199cc1e 9334 44d8 b7d3 072cfe4ac4ec Айтматов РИИБдин кызматкерлери райондун мектептеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү