
Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.
Мындай чечим БШКнын 16-июндагы жыйынында кабыл алынды.
Эске салсак, 28-майда №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Анда көп добуш алган талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналууда.