5 айда 604 баңги кылмышы аныкталды

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 2023-жылдын 5 айында аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарды, – деп айтылат аталган министрликтин басма сөз кызматы берген маалыматта.

Алгач, Кызматтын бир катар бөлүм башчыларын татыктуу эс алууга жөнөтүштү. Иш-чараны аталган кызматтын башчысы милициянын полковниги Уланбек Султанов ачып, өз сөзүндө Айдар Шигаев менен Рыспек Өскөнбаевдин көп жылдык эмгеги, баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Коштошуу учурунда алар Ички иштер министрлигинин БМЖКККнын жетекчилигине жана жалпы өздүк курамына мындан аркы иштеринде ийгиликтерди каалашты.
“Андан ары гибриддик форматта 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча отчеттук жыйын өткөрүлдү.
Алсак, 2023-жылдын 5 айында ички иштер органдары тарабынан 604 баңги кылмышы аныкталып, 2 тоннадан ашык баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган.
Отчеттук мезгилде баңгичиликтин алдын алуу багытында 160 ашык иш-чара өткөрүлдү. Отурумдун жүрүшүндө Кызматтын жетекчилиги тарабынан келип чыккан синтетикалык баңги каражаттарынын аткезчилигине бөгөт коюу, ошондой эле дары-дармек лабораторияларын, ошондой эле дары-дармектерди даярдоочу компоненттерди аныктоо жана жоюу боюнча иштерди күчөтүү боюнча бир катар милдеттер коюлду”- деп айтылат маалыматта.
Ишти начар уюштургандыгы үчүн бир нече облустук башкармалыктардын жетекчилери жана бир катар кызматкерлер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды.

6cfde54b 7047 42fd a9e1 5cf22e5c40e8 5 айда 604 баңги кылмышы аныкталды
7b8f15a2 5160 445f a9bd 9f9886f83f49 5 айда 604 баңги кылмышы аныкталды