
12-13-июнда Бишкек шаарында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маданият күндөрүнүн программасына ылайык, 12-июнда саат 14:00дө Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде сүрөт көргөзмөсү, 15:00до А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада «Түрксой» эл аралык уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү өтүп, бир катар инсандарга уюмдун сыйлыктары тапшырылат.