Талас: Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери суу жээгинде этият болууга чакырат

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата РИИБдин башчысынын орун басары милициянын подполковниги Бактыбек Сарыбаев жана өздүк курам, көчмө кабылдама менен биргеликте райондун айыл аймактарын кыдырып, сууга агыуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Ошондой эле эскертүү тактайларды орнотуп, жарандарга суу жээгинде этият болууга жана ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоого чакырды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте райондун кооптуу 17 көлмөлөрдү жана агын суулар текшерилип, маалымат такталарга эскертүүлөр илинди. Сууга түшүп жаткан балдарга, кооптуу жерлерге сууларга барбоо керектиги туурасында эскертти.
Бул түшүндүрүү иштери областын баардык аймактарында кызуу уланууда”, – деп айтылат маалыматта.

1c4dc1b8 13b7 4fda b608 402868744240 Талас: Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери суу жээгинде этият болууга чакырат
530857f1 5d4c 4685 9fdf e1b58cf35b64 Талас: Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери суу жээгинде этият болууга чакырат
52e998c7 5bd1 46fa 9995 7fb9c2fb0f91 Талас: Бакай-Ата РИИБдин кызматкерлери суу жээгинде этият болууга чакырат