Футбол оюнуна байланыштуу айрым көчөлөр жабык болот

Бүгүн, 10-июнда, саат 20:00дө Кыргызстан менен Афганстандын курама командаларынын тайпадагы биринчи беттеши болот. Оюн Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Саат 16:00дөн баштап оюн бүткөнгө чейин төмөнкү көчөлөрдө унаа каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.

  • Тоголок Молдо көчөсү, Чүй проспектисинен баштап Фрунзе көчөсүнө чейин;
  • Фрунзе көчөсү, Тоголок Молдо көчөсүнөн баштап Панфилов көчөсүнө чейин бөлүктөрү унаалардын кыймылына жабык болот.
    Жолдо жүрүү эрежерин так сактоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, жогорудагы көрсөтүлгөн жол тилкелери аркылуу өтүүдө алдын ала маршруттарды тандап алууларды эскертебиз.
    Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы