
Америкадан Бишкек шаарына почта аркылуу гашиш майы баңги каражаттарын жеткирүү менен алектенген трансулуттук баңги топторунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси (Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген предметтердин контрабандасы) жана 282-беренеси (сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) боюнча козголгон.